КУШКАНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУШКАНА – мал союлуучу жай. Ал айыл-кыштактан 300–500 м алыс салынат. К-да мал союу, ичеги-карын артуу, эт суутуу, тери, жал, куйрук сактоо бөлмөлөрү болот. Мал таза союлуп, каны толук агыш үчүн атайын асмага асышат. Малдын каны жинине аралаштырылбай таза алынып, атайын куурулуп бышырылат да, тоок менен чочкого жем катары берилет. Малдын териси атайын бөлмөдө туздалат. Мал эти суу менен таза жуулуп, суутулуучу бөлмөгө жеткирилет. К. к. аймагында өндүрүш жайдан башка ветврач отуруучу бөлмө жана мал сарай же бастырма болот.