КУШАН ПАДЫШАЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУШАН ПАДЫШАЛЫГЫ (кыт. 11i3:–– Гуйшуан) – Борб. Азиянын батышы, түш. жана түш.- батышын ээлеген байыркы мамлекет. Б. з. 1–3- к-нда азыркы О. Азия, Афганстан, Пакистан, Түн. Индияны (мүмкүн Синьцзянды да) камтыган. Байыркы дүйнө тарыхында орду зор болгонуна карабастан, К. п. начар изилденген. Неги­зинен кытай, рим тарыхчыларынын маалыматтары, о. эле Баграм, Баглан (Афганстан), Так­сил (Пакистан), Хорум (Өзбекстан) жана Түн.

Бактрия (Тажикстан) ж. б. аймактарда кездешкен. К. п-на тийиштүү археол. табылгаларга (кушан тыйындары ж. б.) караганда К. п. болжол менен б. з-дын башында же Грек-Бактрия падышалыгы кулагандан кийин пайда болгон. Мурда Грек-Бактрия аймагында жашаган майда уруулардын (а. и. кушандар) биригүүсү К. п-нын өзөгүн түзгөн. Кушан тарыхы падышалар – Кужула Кадфиз, анын уулу Вима Кадфиз (Кадфиз II) жана эң атактуу Канишканын ысмы менен байланышкан. К. п. Канишка жана анын уулу Хувишканын учурунда гүлдөгөн мамлекетке айланып, Васудеванын тушунда (б. з. ч. 3-к-дын орто чени) начарлаган. 5-к-да К. п-н көчмөн эфталиттер басып алган. Түн. Индия, Кытай, Парфия, Римди байланыштырган Улуу Жибек жолунун маанилүү жеринен орун алгандыктан, кол өнөрчүлүк өнүгүп, шаарлар өсүп, сугат тармактары жакшы жолго коюлган.


Ад.: Гафуров Б. Г. Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история. М., 1972; Боровкова Л. А. Кунганское царство (по древним китайским источникам). М., 2005.

Э. Турганбаев.