КУШ ЖҮНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУШ ЖҮНҮ , ч а л г ы н д а р – канаттуулардын денесинин үстүнкү көпчүлүк бөлүгүн каптап турган жүн жабуусу. Филогенездик жактан К. ж. сойлоочулардын түрпүсүнөн келип чыккан. К. ж. кылчык чалгындар, жип сымал, мамык жүндөр, тыбыт жана кылканча жүн болуп айырмаланат. Ири жүн (чалгын канаттар, куйрук чалгындары жана жабуучу чалгындар) өзөктөн жана желпүүрдөн турат. Канаттын биринчи манжасына бекиген майда жүндөр канатчаны түзөт, ал канатча чукул бурулууга жана конгонго жардам берет. Узун жана бекем куйрук жүндөрү учуп ба­ратканда, бурулуу үчүн, жөрмөлөп жүргөн кушта (тоңкулдак, чыйпылдактар) таяныч катары колдонулат. Куйрук жүнү бирине бири кабатталып жатат да, чычаң сөөгүнө бекийт. Кээ бир пингвинде, төө кушта жана арам өрдөктө куйрук жүнү жетилбеген. Көпчүлүк кушта жапкыч жүн тулку боюн текши каптабайт. Ири жүндүн астында жип сымал жана мамык жүн болот. Жип сымал жүн абанын агымын кабыл алат. Куштун ооз кычыгында кылчык түктөр болуп, алар сезүү кызматын, ал эми кээ бир кушта (байкуш, чабалекей, карлыгач) учуп баратып жемин кармоого жардам кылат. Канаттуулардын көпчүлүгүнүн жүнүн чычаң безинин майы майлап, алардын серпилгичтигин сактоого жардам берет жана суу жугузбайт.