КУТТУБАЕВ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТТУБАЕВ Асанкул [1914 (1912), Сокулук р-ну, Белек айылы – 3. 12. 2002, Бишкек] – кино жана театр артисти, КРдин эмг. сиң. арт. (1962). Чыг-лык жолун 1936-ж. Кыргыз мамл. театрында баштаган. 1938–42-ж. Кыргыз музыкалуу драма театрында (азыркы А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук акад. опера жана балет театры), 1942–58-ж. Кыргыз драма театрында,

А. Куттубаев – Момун. «Ак кеме» фильминен көрүнүш, 1975.

1958–88-ж. Нарын обл. муз. драма театрында иштеген. Театрда аткарган негизги ролдору: Калыбек (либреттосу Ж. Бөкөнбаевдики, «Алтын кыз»), Тейитбек (К. Жантөшев, «Курманбек»), Мамалак (К. Жантөшев, «Ким кантти»), Белли (У. Гажибеков, «Аршин мал алан») ж. б. Кыргыз ад-ты менен иск-восунун 1939-ж. Москва­да өткөн 1-он күндүгүнө Калыбек ырчынын ролу менен катышкан. 1972-ж. «Эски тегирмен» фильминде башкы ролду ойноп, өзүн чебер кино актёр катары көрсөткөн. Момун (Ч. Айтматов, Б. Шамшиев, «Ак кеме», «Кыргызфильм»), Майрамовдун атасы (Т. Океев, «Улан», «Кыргыз фильм»), Бердиев («Фонтан», «Ленфильм»), Шаубай (Б. Омаров, «Ай астындагы үй», «Казак­фильм») ж. б. каармандардын эсте каларлык образдарын жараткан. Медалдар менен сыйланган.