КУРУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУТсүзмөдөн жасалуучу эзелки сүт азык. Сүзмөнү кайнатып же кайнатпай даярдайт. Чогулган сүзмөнү казанга салып, ага айран, туз кошуп, коюлганга чейин кайнатат. Муздаган соң, майда-майда тоголоктоп, атайы жасалган сере, чий жана тактайга кургатат. Кыш жана жаз айларында сууга эзилген курут суусун жана катык катары пайдаланылган. Эзилгенине май салып же каймак куюп, нан туурап, тамак катары ичишкен. Ыраак жолдо, көчтө, узак кышта, ачарчылык жылдарында куруттун айрым түрүн күл азыкка кошкон. Курамына каймак май кошулуп, тузу өткүрүрөөк салынса, м а й курут, кемирээк туздалып, эжигей кошулса, э ж и г е й курут, чий темгили түшүп, чий сереге кургаганы, ч и й курут деп аталып, азыркы учурда да жасалат.