КУРУЛУШ МАШИНАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУЛУШ МАШИНАЛАРЫ – курулуш ѳндурушундѳ пайдаланылуучу машиналар. .Алар жук ташуучу, жер казуучу жана таптоочу, пайдубал орнотуучу, таш талкалоочу жана иргѳѳчу, бетон даярдоочу, ташуучу жана шыкоочу, арматура даярдоочу жана ширетуучу, жыгач буюмдарын иштетуучу болуп бѳлунѳт. Булардан башка курулуш элементтерин көтөрүп орнотуучу крандар жана механикалаштырылган жеңил аспаптар да курулуш машиналарына кирет. Курулуш жүгүн ташуу үчүн өзү түшүрүүчү автомашиналар, трактор чирке­гичтери, цемент, ферма, устун, панель, тосмолорду жана башкаларды ташыгыч атайы курулуш машиналары колдонулат.

Курулуш машиналары: 1. Мустанг 2044; 2. Бетон аралаштыргыч (КАМАЗ); 3. XGG 121; 4. Deere 872G.


Жер казууда бир жана көп сузгучтуу экскаватор, скрефер, грейфер пайдаланылат. Ал эми жалгоочу пайдубалды орнотууда жалгоочту уруучу, жер бургулоочу, бетон ташуучу машиналар, автокран пайдаланылат. Бетон даярдоодо керектелүүчү шагылдар жаактуу, конус жана балка түрүндөгү таш талкалагыч курулуш машиналары менен алынат. Жыгач материалынан плинтус, рейка жана башкаларды даярдоого жыгач сүргүч, жышыгыч, формалагыч жана башка станоктор иштетилет.