КУРУ-КОЛ КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУ-КОЛ КОРУКЧАСЫ - Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы токой корукчасы (заказниги). Аянты 348 га. Карагай ареалынын батыш чет-жакасындагы теңир-тоо карагай токоюн коргоо максатында 1975-ж. уюшулган. Анда карагайдан башка четин, долоно, зараң, катын жаңгак (афлатуния), изирик, табылгы жана ит мурундун бир нече туру ѳсѳт.