КУРОРТТОР
КУРОРТТОР (нем. kurort - дарылоочу жер) - адамдын организмине жагымдуу таасир этүүчү табигый дарылоо факторлору (минералдуу суу, дары баткак, климат ѳзгѳчѳлүктѳрү) бар жерлер. Дарылоо факторлоруна карата бальнеологиялык, климаттык жана дары баткактуу болуп бѳлүнѳт. Бальнеологиялык курорттордо негизги дарылоо факторлору - минералдуу суу. Минералдуу суу ваннага, бассейнге түшүү жана ичүү, ингаляция ж. б. процедуралар үчүн пайдаланылат. Андай курортторго Кислоодск, Боржоми, Железноводск, Трускавец,

Жалал-Абад курорту

Жети-Өгүз курорту

Кырг-нда Жалал-Абад, Жети-Ѳгүз, Ысык-Ата ж. б. курортору кирет. Баткактуу курорттордо негизинен дарылоо фактору болуп дарылык касиети бар баткак колдонулат. Баткакты негизинен денеге жаап же ванна түрүндѳ пайдаланат. Кѳгүлтүр Ысык-Кѳл, Жыргалаң, Жалал-Абад ж. б. курорттордо башка факторлор менен катар баткак менен да дарылайт. Климаттык курорттор деңиз климаттуу, тоо климаттуу, ошонрдой эле токой, талаа, токойлуу талаа ж. б. климаттуу болуп айырмаланат. Климаттык курорттордо негизинен аба жана күн ванналары, ошондой эле сууга түшүү колдонулат. Анда климат менен да-

рылоочу ж-a ден соолукту чыңдоо процедураларын жүргузуу учун атайын курулуштар (павильондор, верандалар, галереялар, аэрарий, солярий), күн нурун ѳлчѳм менен пайдалануу учүн дарылоо пляждары, сейилдѳѳ учун маршруттар белгиленет. Жаратылыштын бир гана дарылык факторун колдонгон курорттор аз. Кѳпчүлүгу анын бир
нече дарылык факторлорун колдонот. Мисалы, бальнеологиялык-баткактуу куорорттордо минералдуу суу, дарылык касиети бар баткак, бальнеологиялык - климаттык курорттордо минералдуу суу же климат менен дарылайт. Бул негизги курорттук дарылоодон тышкары дарылоо комплексине физиотерапия, дарылоочу дене тарбиясы, диета (мүнѳз тамак), кээде дары-дармек кошулат.