КУРМАНОВ Карыпбай
(КУРМАНОВ 3 барагынан багытталды)
КУРМАНОВ Карыпбай (1907, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кызыл-Арык айылы - 1995, ошол эле жер) - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1943-71-ж. Ысык Ата райо нундагы «Сын-Таш» колхозунун башкармасы болуп эмгектенген. Ал башкарган колхоздо 1959-65-ж. уйдун саны 446дан 591ге,кой 16 миңден 23 миңге чейин

кѳбѳйгѳн. 1965-ж. ар уйдан 2500 кг сүт саалып, ар койдон 3,4 кгдан жүн кыркылып алынган. Кант кызылчасынын дүң жыйымы 2 эсе ѳскѳн. Кыргыз CCP Жогорку Советинин (1955-59, 1963-67, 1971-75) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.