КУРМАНАЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРМАНАЛИЕВ Сабырбек Ушпаевич [18. 02. 1954, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Чүй (азыркы Ысык-Ата) району, Дмитриевка (азыркы Эсиркемиш) кыштагы)] – 01. 07. 2020, Бишкек шаары) – милициянын генерал-майору (2009). Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтту (1978), Кыргыз Мамлекеттик университетин (1992) бүтүргөн. 1980–1984-жылдары Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор, 1984–1993-жылдары Кара-Балта

шаардык ички иштер бөлүмүндө инспектор, опер-уполномочен, бөлүмдүн начальниги, 1993–1995-жылдары Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1995–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигине караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштүн Башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн начальниги, 1998–1999-жылдары КР ИИМдин Жалал-Абад жана Ош облусу боюнча регион аралык башкармалыгында бөлүмдүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1999–2004-ж. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн, 2004–2005-жылдары КР ИИМде башкармалыктын, 2005–2008-жылдары Нарын, 2008-жылы Чүй облустук ички иштер башкармалыктарынын начальниги, 2008–2010-ж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин 1-орун басары болуп иштеген.