КУРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРАН (ар. куран – кыраат, үн чыгарып, жатка окуу) – мусулман диний окуу б-ча «алланын амири жана көрсөтмөлөрү» жазылган исламдын негизги ыйык китеби; диний жол-жобо, үрп-адат жана укук эрежелеринин, келмелер менен дубалардын жана Мухаммеддин (570–632) осуяттарынын жыйнагы. Мусулман диний окуусунда (каламда) аны адам жазбагандыгы, «түбөлүктүүлүгү» ж-дө атайын айтылган. К. 114 сүрөгө бөлүнүп, 6206 аяттан турат. Арабдардын байыркы диний ишенимдерине негизделген дубалар, келмелер, каргыштар, «бейиш», «тозок», «кыямат» ж-дөгү сүрөөлөр, иудаизм жана

христиан диндеринен алынган жо­моктор, пайгамбарлар ж-дөгү легендалар, мифтер, араб элдеринин турмуш-тиричилигиндеги диний үрп-адаттарга негизделген жарандык үй-бүлө, мүлктүк, соо­да ж. б. мамилелер ж-дөгү жол­жоболор, үгүт-насыяттар, көп кудайга ишенүүнү айыптоо жана жалгыз кудай (Алла) тууралуу идеяны үгүттөө­лөр ж. б. К-дын негизги мазмунун түзөт. К. Мухаммед өлгөндөн кийин түзүлө баштаган. Уламыш б-ча К. Осмон халифтин тушунда (644–656) редакцияланган. К-да бир эле маселе б-ча карама-каршы көз караштардын орун алышы, сүрөөлөрмененаяттардынстилининартүрдүүлүгү, алардын лексикалык өзгөчөлүктөрү, материалдардын баш аламан жайгаштырылышы, анын тексти ар кайсы доордо, ар башка адамдар тарабынан редакцияланып, тигил же бул доордун талабына жараша өзгөрүүгө дуушар болуп келгендигин далилдейт. К. мусулман элдеринин мад-тынын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Араб окумуштуусу Шейх Мустафа Ахмед: «Ыйык Куран адамдардын колуна тийгенге чейин эле (7-к.) арабдардын жазуусу, ад-ты жана поэзиясы өсүп-өнүгүүгө жетишкен. Алар мыкты ырлардын мелдешин өткөрүшүп, ырлардын окулушундагы ыргактарга, сөздөрдүн маанисинин курчтугуна, уккулуктуулугуна жогору баа беришкен. Бирок Куранда жазылган ыйман сөздөрүн угушканда, анын өтө кырааттуу, ук­кулуктуу жана кереметтүү таасирлерине таңданышкан» деп Курандын маанисин түшүндүргөн. Куранда билим алуу жана ил. изилдөө жүргүзүү маселелерине жогору баа берилген. Ниса сүрөөсүнүн 17-аятында: «Алла – билим жана даанышман ээси» деп айтылса, 170-аятында: «Алла –билим жана акыйкат ээси» деп жазылган. Ыйык Курандын таасири менен араб окумуштуусу, астроном Санад Ибн Али 12-к-да эле матем. изилдөөлөрдүн негизинде жер күндөн кичине, айдан чоң экендигин аныктаган ж. б. Куранда жазылган көрсөтмөлөрдүн басымдуу бөлүгү бүгүнкү күндө адамзат жараткан ил. ачылыштар аркылуу аныкталып жана такталууда. Ил. ачылыштардын айрымдарынын мурдатан эле Куранда айтылгандыгы далилденүүдө. Ал диний эстелик гана эмес, дүйнөлүк ад-ттын ири эстелиги да болуп эсептелет. Мусулман диний окуусу К-ды башка тилдерге которууга тыюу салган. Ошого карабастан 10-к-дан ал көп элдердин тилине (а. и. кыргыз тилине да) которулган.


Ад.: Куран Карим жана анын маанилеринин кыр-гызча котормосу. Арабчадан которгон жана түшүндүрмөлөрүн жазган Алауддин Мансур. Б., 2005.