КУМЫК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМЫК ТИЛИкумуктардын тили; Дагстандын мамл. тилдеринин бири. Дагстанда, Чеченстанда, Түндүк Осетин Республикасына тараган. Кумык тили түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет, бирок анда огуз топторуна жакындаткан элементтер да арбын кездешет. Карачай, балкар, ногой, караим жана крым татарларынын тилине жакын. Ада­бий Кумык тили Октябрь рев-ясынан кийин касавюрт жана буйман диалектисинин негизинде түзүлгөн.
Жазуусу 1928-жылга чейин араб алфавитинде, 1928–38-жылдары латын жазуусунда, 1938-жылдан орус графикасына өткөн. Кумык тилинде орус тилинен кирген сөздөр арбын.