КУМ-БЕЛ КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМ-БЕЛ КӨМҮР КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда, Фергана тоо тизмегинин түш.- батыш тарамындагы Кум-Бел тоосунда, Талды- Суу менен Жылан-Уюк суусунун жогорку агымынын аралыгында. 1944-жылдан белгилүү. 1988–91-ж. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен көп ка­баттуу. Юра катмарындагы көмүрлүү туюк сви­тасында 51 кабатка жана кабатчаларга бөлүнгөн, алар 26 кабатка биригет. Кабаттардын калың­дыгы 0,09 мден 22,77 мге чейин. Сапаты б-ча биринчи газдуу көмүр маркасына (I Г) таандык. Күлдүүлүгү 13,41%тен 19,85%ке чейин, орт. Күйүү жылуулугу 29,35 МДж/кг (7012 ккал/кг) – 3,20 МДж/кг (7931 ккал/кг). Кендин Батыш Кереге-Таш участкасы ачык казып алууга жарамдуу, запасы 11063 миң т. Жер астынан казып алууга жарамдуу көмүрдүн В+С1 категориясы б-ча запасы – 28778 миң т.