КУЛОВ Бейшеналы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛОВ Бейшеналы (1900, азыркы Чүй облусу, Со­кулук району, Кызыл-Туу айылы – 1978, ошол жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Сокулук районундагы

«Путь к коммунизму» колхозунда жылкычы болуп иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкен. Ленин, Кызыл Жылдыз жана 3-даражадагы Даңк ордендери менен сыйланган.