КУЗНЕЦК АЛА-ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЗНЕ́ЦК АЛА-ТООСУ – Сибирдин түштүгүн­дөгү тоолуу аймак; Кузнецк жана Минуса (Миң- Суу) ойдуңдарынын аралыгында жайгашкан. Уз. 300 кмдей. Бийикт. 2178 мге чейин. Акиташ теги, кварцит, кремнийлүү жана чополуу сланецтерден туруп, аларды көптөгөн гранит интрузиялары ж. б. жиреп чыккан. Кен байлыктары: темир, марганец, алтын, хром, боксит ж. б. Өтө тил­меленген жапыз жана орто бийик тоо массивде­ринен турат. Тоо тайгасы (көк карагай, карагай, бал карагай) басымдуу. Деңиз деңг. 1300– 1500 мден өйдө мамык чөп-эңилчектүү, бадал­дуу жана таштуу тундра мүнөздүү. Шагылдар менен капталган, жылаңач аскалуу беттер да кездешет.