КУДАЙБЕРДИЕВА Гүлмира Зуклпукаровна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЙБЕРДИЕВА Гүльмира Зулпукаровна(1962-жылы туулган, Кемин району, Ильич айылы) – меди­цина илимдеринин доктору (2001). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси (1993). КММИни бүтүр­гөн (1985). Бүткүл союздук кардиология илимий бор­борунда (Москва) ординатураны (1987), Кыргыз кардиология ИИИнин аспирантурасын (1992) бүтүргөн, УКТБда лаборант, кенже, улук илимий кызматкер (1993–99). Түркиянын Адана шаарында­гы университетте доцент, 2000-жылдан Ескишехир шаарындагы (Түркия) университетте профкссор. Кардиология боюнча адис. 120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы бар.

Эмг.: Реперфузионная терапия при остром инфаркте миокарда (в соавторстве). Б., 2000.