КУДАЙБЕРГЕНОВ Ташмуканбет

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЙБЕРГЕНОВ (Худайбергенов) Ташмуканбет [1886, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Чүй) облусу, Пишпек уезди (азыркы Кант району), Жедигер айылы  – 1957, ошол эле жер)] – советтик, партиялык кызматкер. Атасы Кудайберген Пишпек уезддик башкармалыгында койчу, арабакеч, кароолчу, кат-кагаз ташуучу сыяктуу майда иштерди иштеген. Ташмукабет Октябрь революциясына чейин орус-тузем жана айыл чарба мектептеринен окуп, бирок акча каражаты жетишпегендиктен аны бүтүрө албай, алгач Пишпек уезддик башкармалыгында тилмечтик ишке орношкон. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө (кара: Үркүн) катышып, 1917-жылдан «Букара» союзуна жана солчул эсерлердин партиясына мүчө болгон. «Шура-и Ислам» уюмунун Пишпектеги шааркомунун катчысы (1918, май-декабрь), Кызыл Армиянын жоокери, Пишпек шаардык комиссариатында улут иши бөлүмүнүн башчысы, Түрк фронтунун революциячыл трибуналынын мүчөсү, 1-Пишпек атчандар полкунун командиринин жардамчысы (1918–1921). РКП(б)нын 10-съездине делегат болуп (1921), Кронштадт козголоңун басууга катышканы үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1921-жылдары Нарын уезддик ревкомунун, Пишпек уезддик комитетинин «Кошчу» союзуна төрага болуп, Жети-Сууда жер-суу реформасын жүргүзүүгө катышкан. 1922–1923-жылдары Пишпек шааркомунун жооптуу катчысы. 1922-жылы Тоолуу облусту түзүү долбооруна байланышкан топтордун күрөшүнө катышкандыгы үчүн партиядан чыгарылып, көп узабай ал кайра калыбына келтирилген. 1923–1925-жылдары Каракол, Нарын уезддик, Фергана облаткомунда иштеген. 1925-жылдан Пишпек шаардык кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы, облсоттун төрагасына орун басар, ошол эле учурда Орто Азия бюросуна жана РКП(б) БКга арыз менен кайрылган 30 адамдардын тобуна кошулган. 1927-жылы Кыргыз АССР Советтеринин 1-Уюштуруу съездинде Борбордук аткомунун мүчөсү, 1-сессиясында республиканын юстиция эл комиссары жана прокурору болуп шайланган. 1930-жылы «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Ден соолугуна байланыштуу 1931-жылы 25-июлда поселениеге Ташкент шаарына которулуп, 1931–1937-жылдары «Өзбексовхозпахта», «Ортоазсовхозпахта» тресттери жана Өзбек ССРинин жер иштетүү боюнча эл комиссариатында иштеген. 1937-жылы «партияга каршы ишмердиги үчүн» деген айып менен 10 жылга кесилген. 1947-жылы август айында бошонуп, 1948-жылы кайрадан камакка алынып, 1949-жылы сүргүнгө, Красноярскге айдалган. Бир нече жолу (1954, 1956, 1971, акыркысы 1990-жылы 25-апрель) акталган.

Ад.: Курманов 3. К. Национальная интеллигенция 20–30 годов: вклад в возрождение национальной государственности кыргызского народа и борьбу с тоталитарно-авторитарным режимом. Бишкек, 2005.