КУБ
КУБ (гр. kebos, лат. cubus) – 1) грандары бири-бирине барабар 6 квадраттан турган тик бурчтуу параллелопипед. Куб параллелопипеддин бардык кассиеттерине ээ. Кубдун өз ара перпендикуляр 12 кыры, өз ара перпендикуляр 3төн кыры келип кошулган 8 чокусу болот. Куб диагоналдары кесилишип өткөн борбордук, 9 октук, 9 тегиздиктик симметрияга ээ. Карама-каршы жаткан грандарынын борболору аркылуу өткөн түз сызык же бир гранда жатпаган карама-каршы эки кырынын ортолору аркылуу өткөн түз сызык кубдун симметрия огу болсо, каалаган эки симметрия огу аркылуу өткөн тегиздик кубдун симметрия тегиздиги болот. Кыры а болгон кубдун диагоналы a 3 , толук бети S =6а2, көлөмү V=a3деп табылат. Кубга ичтен сызылган сферанын радиусу r=a/2 болсо, ага сырттан сызылган сферанын радиусу R= a 3 ге барабар. Куб кээде туура гексаэдр деп да аталат. 2) а санынын үчүнчү даражасы a.a.a=a3 ошол сандын кубу деп аталат.