КРЮЧКОВ
КРЮЧКО́В Алексей Степанович (17. 3. 1926,
Орлов обл., Ульянов р-ну – 1989, Москва) – гео-
лог, Кыргыз ССРинин мамл. сыйл. лауреаты (1976). Москва түстүү металлдар жана алтын ин-тун бүткөн (1948). Тажикстандагы Кансай кенинде геолог, улук геолог, начальник (1948–50),
Ак-Түз кенинин башкы геологу, начальниги, директору (1953–57), Кыргыз тоо-кен комбинатынын директору (1957–61), Кыргыз геология башкармасынын начальниги (1961–65). 1965-
жылдан СССР геология министрлигинде сейрек жана түстүү металлдар башкармасынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз ССРинин геология кызматына эмг. сиң. кызматкер, РСФСРдин эмг. сиң. геологу.
КРЮЧКОВ Николай Афанасьевич [24. 12. 1910
(6. 1. 1911), Москва – 13. 4. 1994, ошол эле жер] –
орус совет актёру, СССР эл арт. (1965). 1928-ж. Москва ТРАМынын (Жумушчу жаштар театры) труппасына өткөн. Н. П. Хмелёв, И. Я. Судаков, И. А. Совченконун шакирти. 1930–40-жылдары шайыр замандаштарынын образын түзгөн: Андрей Сазонов («Комсомольск», 1938), Клим Ярко
-

(«Трактористтер», 1939) ж. б. «Мылтык чан киши» (1938), «Яков Свердлов» (1940), «Кырк биринчи» (1956) ж. б. фильмдерде революционердин, кызыл аскердин, партизандардын ролун чебер аткарган. 1950–60-жылдары каармандардын рухий дүйнөсүн терең ачкан бир нече драмалык ролдордо ойногон («Ырайымсыздык», 1959; «Сот», 1962 ж. б.). Белгилүү ролдору: Кузьма Петров («Чочко баккан аял менен малчы»), майор Булочкин («Небесный тихоход»), Корольков («Румянцевдин иши»), Неуеденов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү»). СССР мамл. сыйл. (1941) лауреаты. Ленин ордени, башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган.