КРИСТАЛЛ ТОРЧОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТА́ЛЛ ТОРЧОСУ – атомдор, иондор жана молекулалар белгилүү ирээтте үч координаттык багыт (x, y, z) боюнча жайгашып, мезгилдүү түрдө кайталанып турган (түз же кыйгач бурчтуу па­раллелепипед түрүндө) кристалл мейкиндигин­деги бөлүкчө. Ушуга ылайык кристаллдар атом­дук, иондук жана молекулалык болуп бөлүнөт. Атомдук кристаллдар туруктуу, эң катуу жана эрүү темп­расы жогору болот (алмаз, кремний, металл карбиддери ж. б.). Иондук кристаллдарга ок­сиддер, ар түрдүү туздар, щелочтор өңдүү курам­дары иондордон (катион, анион) турган заттар кирет. Металлдык кристаллдардын атомдору арасында жеңил кыймылга келе турган элек­трондор жайгашкандыктан, электр тогун жак­шы өткөрүүчү заттар. Молекулалык кристаллдардын түйүндөрүн негизинен молекулалар ээлеп, алар­дын ортосунда ван күчтөрү (начар байланыш) аракеттенет.