КРИСТАЛЛ ГИДРАТТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРИСТАЛЛ ГИДРАТТАР – курамында суунун молекуласы бар кристалл. Кээ бир туздар, кислоталар ж-а негиздер суу эритмелеринен кристаллдар түрүндө чөгөт. Жаратылышта көпчүлүк минералдар – кристалл гидраттар. (мисалы, гипс СаSО4–2Н2О, карналлит МgCI2–КСl–6Н2О ж. б.). Кристалл гидратттарды ысытуу менен андагы кристаллдашкан сууну бөлүүгө болот. Кээ бир бирикмелер кристалл гидраттар түрүндө гана туруктуу (мисалы, ВеС2О4–Н2О), суусун бөлсө ажырап кетет.