КРЕДИТ РЫНОГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕДИ́Т РЫНОГУ – коомдук өндүрүүнүн үзгүл­түксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн кредит ресурстарын аккумуляциялоочу, бөлүштүрүүчү жана кайра бөлүштүрүүчү рынок ма­милелеринин түрү. К. р. – финансы рыногунун кредит сунуш кылган жана кредитке болгон бө­лүгү. Ал акча, узак мөөнөттүү кредит финансы ортомчулар – (камсыздандыруу коомдору, ипо­текалык жана инвестициялык банктар, инвести­циялык фонддор катышат) рынокторунан түзү­лөт. К. р-нун бардык бөлүктөрү проценттик үс­төк менен байланышкан. К. р-нун негизги функ­цияларынын бири болуп инвестициялык кар­жылоо эсептелинет.