КРАСНАЯ РЕЧКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРА́СНАЯ РЕ́ЧКА , Ш а л т а к п а й – Чүй обл­нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Красная Реч­ка айыл округуна караштуу. Бишкек – Балык­чы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 737 м бийикте, Кеңеш кыш-на туташ жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кант ш-нан 10 км чыгыш тарапта. Кыштак 1926-ж. негиз­делген. Калкы 7026 (2007); негизинен мал жана дыйканчылык менен алектенет. Орто жана мектеп­интернат, китепкана, спорт комплекси, амбула­тория, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.