КРАБДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАБДАР (Вrachyura) – он буттуу рактар түркүмүндөгү деңиз жандыктары. Денеси таш баканыкындай тегерек, сырты катуу. Башы кичине, катуу кабыкка кирип турат. Биринчи жуп буту м-н жылып жүрөт. Буттарында кып­чуурлары бар. Кыска курсагы симметриялуу келип, жаак көкүрөгүнүн алдында ийилип ту­рат. Эркегинин курсак буттары (1–2 жуп) копу­ляция органына айланган, ургаачысыныкы 4 жуп. Жумуртка алып жүрүү кызматын аткарат. Алардын 4 миңден ашык түрү белгилүү, көбүнчө тропик деңиздеринде, дарыяларында, тузсуз суу­ларында ж-а кургакта кездешет. Омурткасыз жандыктардын калдыктары – тарптары м-н азыктанат. Метаморфоза жолу м-н өөрчүйт. Кээ бир түрү түсүн өзгөртүүгө жөндөмдүү. Крабдар тамак катары колдонулат.