КОҢУР ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР ТОПУРАК – ак кылкан-бетегелүү ж-а бетеге-шыбактуу кургак талаа ж-а жарым чөл топурак тиби. Коңур топурак Түркия, Моңголия, Түндүк Кытай, АКШ, Аргентина ж. б. өлкөлөрдө көп кездешет. КМШ өлкөлөрүндө Казакстан, Украи­нанын түштүгү, Волга боюнун кургакчыл ра­йондорунда, Түндүк Кавказ, Батыш Сибирь ж. б. жерлерде бар. Коңур топурактуу зонанын климаты кес­кин континенттүү, кургакчыл келет. Коңур топуракта карбонаттар көп; эригич туздардын болушу анын шор ж-а шортоң топуракка айланышына алып келет. Кыргызстандын жалпы жер аянтынын 12%ке жакыны коңукр топурактуу келет. Тоонун коңур топуркты өрөөндөгүгө караганда чириндилүү, күрдүү келип, жайыт, чабынды ж-а кайрак жер түрүндө пай­даланылат. Өрөөндөрдөгү коңур топурактуу сугат жерде буудай, беде, эспарцет, картөшкө өстүрүлөт.