КОШУМЧА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШУМЧА – жардам катары бирөөгө берилген каражат же акча. Жаманчылык же жакшылыкта, доого же кунга жыгылганда, аш-тойдо, калың төлөөдө ага-тууган, жек-жаат, сөөк-тамыр тарабынан К. берилет. Ар ким алына жараша акча, мал, кийим, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу, машина ж. б. айтат. Тууган ичинде колунда жоктордо жаманчылык (өлүм-житим) болсо, туугандар биригип, ортодон мал чыгарып союп, жеңилин жерден, оорун колдон алат.