КОШОЙ-КОРГОН ШААР КАЛДЫГЫ
КОШОЙ-КОРГОН ШААР КАЛДЫГЫ – IX–XII кылымдарга таандык шаар калдыгы. Ат-Башы өрөөнүндөгү Кара-Суу айылынын түштүк-чыгышында Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Жергиликтүү элдин айтымында, бул эстелик «Манас» эпосундагы Кошой баатырдын коргону болгон. Айрым изилдөөчүлөр байыркы Атбаш шаарынын калдыгы деп эсептешет. Эстелик тик бурчтуу түзүлүштөгү чептен туруп, дубал менен курчалган. Дубалдын каптал жактары түш., түн., чыгыш, батыш багытына дал келип, ылай сокмодон ж-а бышырылган кыштан тургузулган, бийикт. link=Файл:КОШОЙ-КОРГОН_КӨРҮСТӨНҮ11.png|thumb|Кошой-Коргон. 4–8 м, кароол мунаралар орнотулган. Дубал айланта жазылыгы 11–14 м, тереңдиги 3 м келген аңдар м-н курчалып, коргондун чыгыш ж-а түш. тарабы 1500 м узундуктагы кошумча дубал тосмолор м-н бекемделген. Турак жай ж-а чарбалык мүнөздөгү кол өнөрчүлөрдүн устаканаларынан, бөлмөлөрдөн жез эритүүчү мештер, көөрүк, карапа идиш-аяктар, тыйын, жаргылчак, жаа-жебе, бычак, шурулар, кемер курдун тоголору, чоподон жасалган ар кандай буюмтайымдар табылган. Шаар калдыгы Ч. Валихановдун, В. В. Бартольддун эмгектеринде эскерилет. А. Н. Бернштам, М. И. Москалёв ж-а М. Н. Фёдоров изилдеген. 2007-ж. Түш.-чыгыш капталына музей ачылган.