КОШОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЙ (мурдагы Ленин-Жол), А л ч а л ы – Чүй районундагы кыштак. С. Ибраимов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. беке­ти Токмок ш-нан 19 км түш.-батыш тарапта. Кыштак 1935-ж. орношкон. Калкы 1947 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.