КОШМОК СӨЗДӨР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШМОК СӨЗДӨР – эки же андан ашык сөздөн түзүлүп, бир гана аталышты билдирген татаал сөздөр. Кошмок сөздөрдүн ар бир курамдык бөлүгү арасына белги коюлбастан, бөлөк жазылат. Мисалы: бала бакча, таш бака, темир жол, жол башчы, кара жыгач, басма сөз, боз үй ж. б. Ал эми географиялык энчилүү аттардан түзүлгөн кошмок сөздөрдүн арасына дефис коюлуп, ар бир сөз баш тамга мене жазылат. Мисалы:Тянь-Шань, Жалал-Абад, Майлы-Сай, Базар-Коргон, Көк-Ойрок, Чолпон-Ата ж. б.