КОШ-КАРА-ТАШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШ-КАРА-ТАШ – Ат-Башы районунун аймагы
аркылуу аккан суу, Ак-Сайдын сол куймасы. Уз. 38 км, алабынын аянты 256 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түш. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жогорку агымында тепши сымал өрөөн м-н түш. чыгышты карай агып, Ак-Сайга куят. Жылдык орт. чыгымы
0,7–1,1 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, эң азы февраль – мартта байкалат. Апрелден сентябрга чейин кирип, октябрдан мартка
чейин тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а бу-
лак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 19,8 км2 келген 10 мөңгү бар.