КОЧКОРДОГУ ТҮРК ЭСТЕЛИКТЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЧКОРДОГУ ТҮРК ЭСТЕЛИКТЕРИ орто кылымдагы он ок элинин, түргөштөрдүн, карлуктардын, кыргыздардын маданиятын чагылдырат. 1893-жылдан белгилүү. Кочкор түрк эстеликтеринин курамына байыркы көрүстөндөр, алардан табылган согуштук куралдар, кооздук буюмдары, тиричилик буюмдарынын үлгүлөрү, балбал таштар, аска бетине тартылган сүрөттөр, искусство эстеликтери, ташка чегилген рун жазуулары кирет. Ушундай 18 жазуу 1998-, 2000-, 2002-жылдары табылган.