КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиетке ээ суу булагы. Жалал-Абад облнун Ноокен р-нунда, Кочкор-Ата ш-нан 8 км түн.-батыш тарапта, Түн. Фергана өрөөнүндө, Кочкор-Ата сайында, деңиз деңг. 2100 м бийикте жайгашкан. 1954-ж. табылып, 1961–62-ж. хим. курамы изилденген. Суу палеоген мезгилиндеги чөкмө тектерде топтолгон. Бургулоо көзөнөктөрүнөн чыккан суунун көлөмү суткасына 13,7–1728,0 м3, темп-расы 25–49°С, жалпы минералданышы 69,2 г/л, курамы хлориднатрий-кальцийлүү. Сууда кремний к-тасы 37,7 мг/л. Орг. заттар көп. Суудан бөлүнгөн газда метан, көмүр кычкыл газы, суутек, көмүр к-тасы, азот бар. Ашказан, муун ооруларына дары.