КОТОРМО
КОТОРМО (көркөм) – адабий чыг-лыктын бир түрү; бир тилдеги чыгарманын экинчи тилдин каражаты м-н кайра жаралышы. Бул К-нун негизги түрү. Анын мындан башка сөзмө-сөз (подстрочный), эркин, ил. так котормо сыяктуу түрлөрү бар. К. өнөрүнө тиешелүү тармакты котормочу практиктер ж-а теоретиктер деп ажыратабыз. Практиктер түздөн-түз котормочулук м-н алектенгендер: мис., К. Тыныстанов, К. Баялинов, У. Абдукаимов, А. Осмонов, С. Бектурсунов, О. Орозбаев, С. Эралиев, Ч. Айтматовдор көркөм К. тажрыйбасына (практикасына) чоң салым кошуп, чебер котормочулар ж-а бул өнөрдүн баштоочулары катары белгилүү. К. тажрыйбасына таянуу аркылуу теор. жоболорду, принциптерди иштеп чыккан теоретиктердин катарына К. Чуковский, М. Рылевский, П. Антокольский, М. Ауэзов, Е. Эткинд, И. Кашкин, Г. Гачечиладзе, Вс. Россельс ж. б. киргизүүгө болот. Кырг-нда К. Жийдеева, Д. Кулбатыров, Ч. Жолдошева ж. б. котормо теориясына кайрылышкан. Көркөм К-нун өзгөчөлүгү жалпы эле К. ичинен алган орду ж-а адабий чыг-лык м-н болгон өтмө катыштыгы аркылуу аныкталат. Көркөм К. тилде коммуникациялык эле эмес, эстетикалык да милдет аткарат. Ушул себептүү көркөм К. маселеси иск-во жаатына кирип, анын мыйзамдарына баш иет. Ал оригиналдуу чыглыктын объектисине – которулуп жаткан чыгармага көз каранды болгондугу м-н айырмаланат. К-го ар кайсы доордо ар кандай мазмун берилип, анын улуттук ад-т м-н карым-катышы ар башка түшүнүлүп келгендиктен, К. тарыхый түшүнүк катары да каралат. Көркөм К-нун тарыхы ар бир өлкөнүн ад-т тарыхынын орг. бөлүгүн түзөт. Ал ж-дөгү байыртан азыркыга чейинки көз караштардын тарыхын салыштырып көргөндө эки түрдүү талаптын бар экени байкалат; бири текстти түп нускага жакындатып которуу, экинчиси – текстти өз окурманына ылайыктап которуу. Бул талаптардын ролу ар кайсы доордо ар башка болгон. Мис., о. кылымда Европада «Библия» ж. б. диний китептер жаңы тилдерге сөзмө сөз которулган болсо, 16–18-к-да К-ну классикалык нормаларга ылайыктоо, кийинчерээк улуттук өзгөчөлүктөргө кызыгуу күч алганына байланыштуу көбүнчө оригиналга жакындатып которуу башкы талапка айланган. Ар тараптуу К-чулук тажрыйбанын жайылышы, тил илиминин өркүндөшү жогорудагы эки талапты бири бирине карама-каршы койбой, аларды кыйыштыруу ж-дө туура теор. жыйынтык чыгарды. Натыйжада К-нун объектисине кылдат мамиле жасап, түп нусканын мазмуну м-н формасынын бирдигин, улуттук ж-а жеке өзгөчөлүгүн сактап, аны нукура иск-волук чыгарма катары кайра жаратуу керек деген талап калыптанды. Кыргызда көркөм К. Октябрь рев-ясына чейин эле «Миң бир түн», «Куран», «Шахнаме», «Кыз Жибек», «Көр уулу» сыяктуу чыгармалар ар кайсы тилден оозеки которулуп, элге оозеки таралган. Бирок кыргыз көркөм К-су расмий түрдө 1924- жылдан К. Тыныстановдун «Интернационалды» которушу м-н башталат. Б. Солтоноев Л. Толстойдун «Пил жана бугу» деген аңгемесин ыр түрүндө кыргызчалаган, бирок, ал эч жерде жарыяланган эмес. Алгачкы К-лорду К. Баялинов, С. Карачев, Х. Карасаев ж. б-лар ишке ашырган. Кыргыз көркөм К-сун калыпка салуудагы ж-а өрчүтүүдөгү негизги роль А. Осмонов, С. Бектурсунов, У. Абдукаимов, К. Эшмамбетов, М. Абдукаримов, О. Орозбаев, К. Саякбаевдерге таандык. Көркөм К. өнөрү 1934-ж. СССР жазуучуларынын 1-съездине даярдык көрүү мезгилинде ж-а андан кийин бир кыйла жанданган. 1933– 38-жылдардын аралыгында Кырг-нда бардыгы болуп 111 китеп чыкса, а. и. 70и котормо болгон. Ал эми кыргыз тилинен орус тилине которуу 1958-ж. кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Моксвадагы он күндүгүнө карата ишке ашырылган. СССР учурунда К. маселесине өтө чоң көңүл бурулган. Мис., бир гана 1953-ж. котормо ад-т 44,6%ти түзгөн. 1960-жылдардан тарта көркөм К-нун теориясы м-н практикасын изилдеген эмгектер чыга баштаган. Көркөм К. элдер ортосундагы достукту, кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү курал болуп саналат. Ал улуттук мад-т м-н ад-ттын мазмунун ж-а формасын кеңитип, жаңы жанрлар м-н байытат.
Ад.: Кулбатыров Д. Көркөм котормодогу чеберчилик маселелери. Ф., 1974; Жолдошева Ч. Киргизская проза в русских переводах. Ф., 1977.