КОТВИЧ
КО́ТВИЧ Владислав Людвигович (20. 3. 1872, Вилен губерниясы, Оссово кыш. – 3. 10. 1944, Вильжос) – тилчи, орус ж-а поляк чыгыш таануучусу, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1923), Польша ИАнын анык мүчөсү (1925), Польша чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. Санкт- Петербург ун-тинин Чыгыш тилдер ф-тин бүтүргөн (1895). Ошол эле ун-тте моңгол, калмак ж-а манжур тилдери б-ча окутуучу бир эле убакта Россия империясынын финансы министрлигинде кызмат өтөгөн (1903-23). 1920-ж. А. С. Енукидзе атн. чыгыш тилдери ин-тун уюштуруучусу, биринчи ректору (1920–22), 1923-ж. Польшадагы, Львов ун-тинин Ы. Чыгыш филологиясы кафедрасынын проф. болгон 1923-ж. Ал калмак тилинин диалектилерин ж-а говорлорун изилдеген. 1931-жылдан алтай тилдерин салыштырма-тарыхый жактан изилдөөнүн жалпы маселелерине көңүл бурган. Анын «Алтай тилдери боюнча изилдөөлөр» деген китеби 1936-ж. Краковдо, орусча котормосу (1962) Москвада басылып чыккан. Алтай тилдеринин ичиндеги өзара жакындык, типол. окшоштуктар сырткы тарыхый байланыштардын натыйжасында пайда болгон деген пикирди айткан.