КОСОВО ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСОВО ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ (1389) – сербиялык-босниялык аскерлер м-н түрк султаны Мурад Iнин ортосундагы согуш. 1389-ж. 15-июнда азыркы Приштин ш-на жа­кын жерде, Косово талаасында князь Лазарь ба­шында турган 15–20 миң сербиялык-босниялык аскерлер түрк султаны Мурад Iнин армиясынан (27–30 миң) жеңилген. Лазарь туткунга түшүп, өлтүрүлгөн ж-а 50 миңдей серб аскери мууздал­ган. Согуштун жүрүшүндө Мурад I өзү да өлүп, (жаш серб Милош Обилич канжар м-н сайган), анын ордун баскан Баязид I (Мурад Iнин уулу) туткундарды өлтүрүүгө буюрган. Бул салгыла­шуудан кийин түрктөргө Дунай, Сава ж-а Ти­мока д-нын алабындагы аймактар өткөн ж-а Сербия Осмон империясына көз каранды болуп, 1459-ж. анын курамына толук киргизилген.