КОРТ
КОРТ (анг. court, лат. cohors – тосулган жер) – теннис ойнолуучу, үстү тегиз чарчы аянтча. Анын үстүнө табигый (чөп, чопо-кум ж. б.) ж-а жасалма (асфальт, жыгач, пластик ж. б.) материалдар төшөлөт. Жеке разряд оюндары жүргүзүлүүчү аянтчанын өлчөмү 23,77x8,23 м. Аянтча чектөөчү сызыктар м-н тосулат. Ал жерден бийиктиги 91,4 см (жогорку чеги) тор ж-а 107 см тирөөчтөр м-н жарымынан бөлүнөт. Торго жарыш 6,4 м аралыкта теннис тобун берүү сызыгы орун алат. Экөөнүн ортосундагы аралыкты бойлото кеткен сызык – топту өткөзүү талаасы болот. Жуптар оюн жүргүзүүчү корттун туурасы 10,97 м, калган өлчөмдөрү жеке разряддагыдай. Корттун ички ж-а тышкы каптал сызыктарынын ортосунда коридор бар. Жуптардын оюнунда коридорго топ түшсө саналып, ал эми жеке разряд оюндарында аут деп эсептелинет. Корттун төшөлгөсү оюндун мүнөзүнө кескин таасир этет. Эл аралык теннис федерациясынын (ITF) атайын жумушчу тобу корттун үстүн каптап жаткан төшөлгө боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө. Корттор «бат» (жука төшөлмө), «жай» (калың төшөлгө), ачык (ачык асман алдында) ж-а жабык (имарат ичинде) деп бөлүнөт. Жабык корттун бийиктиги 8 мден кем эмес болуш керек.