КОРЖЕНЕВСКИЙ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРЖЕНЕ́ВСКИЙ МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы эң ири мөңгү. Уз. 22,5 км, аянты 89,1 км2. Кызыл-Суунун сол куймасы – Жанайдартак суусунун алабынан орун алган. Бутактанган тоо-өрөөн мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Башы деңиз деңг. 6210 м, этеги 3880 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5000 м, абляциясынын аянты 23 км2. Ортоңку мореналар м-н бөлүнгөн бир нече тармактарынын биригишинен түзүлөт. «Тилинин» учу калың
морена м-н текши капталган. Мөңгү Н. Л. Корженевскийдин ысымынан аталган.