КОРЖЕНЕВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЖЕНЕ́ВСКИЙ Николай Леопольдович [6(18). 2. 1879, Витебский губ., Завережье кыштагы – 31. 10. 1958, Ташкент] – физикалык-географ ж-а гляцио­лог, география илимдеринин доктору (1937), Өзбек ИАнын корреспондент мүчөсү (1947), Украин ССРинин илим­ге эмгек сиңирген ишмери (1939). Орто Азия университетинин физикалык-география кафедрасынын башчысы, профессор (1937), СССР география коомунун ардактуу мүчөсү (1955). Илимий изилдөөлөрү Орто Азиянын физикалык-гео­графиясына арналган. Ал Орто Азия мөңгүлөрүн кеңири изилдеп, алардын каталогун түзгөн (1930), 70тен ашык мөңгүнү ж-а бир нече чокуну алгач­кы жолу изилдеген. Корженевскийдин ысмы м-н 3 мөңгү (Иле, Чоң Алай, Какшаал кырка тоолорунда) ж-а Чоң Алай кырка тоосундагы чоку аталган.

Ад.: Н. Л. Корженевский. Т., 1962; Рацек В. И. Н. Л. Корженевский. Т., 1977.