КОРЕЙ КЫСЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРЕЙ КЫСЫГЫ Корей ж. а. м-н Япон а-нын (Ики, Кюсю ж-а Хонсю а-нын түш.-батыш чети) аралыгында жайгашкан. Япон деңизин Чыгыш Кытай деңиз м-н туташтырат. Уз. 324 км, жазылыгы 180 км, эң тайыз жери фарватерде 73 м. Цусима а. экиге – Чыгыш ж-а Батыш өткөөлдөрүнө бөлөт. 1904–05-ж-дагы орус-япон согушу мезгилинде К. к-нда 1904-ж. 1(14)-августта япон ж-а орус крейсер эскадраларынын ортосунда кармашуу болгон.