КОРЕЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ Азиянын чыгышын­да. Чыгышынан Япон деңизи, түштүгүнөн Ко­рей ж-а Чежу кысыктары, батышынан Сары деңиз м-н чулганат. Жарым аралда КЭДРдин басымдуу бөлүгү ж-а Корей Респ. жайгашкан. Уз. 600 кмдей. Аянты 150 миң км2 чамасында. Тоолуу рельеф басымдуу; эң бийик жери 1915 м (Чирисан чокусу); батышы дөбөлүү түздүк. Чы­гыш жээги тик, начар тилмеленген; батыш ж-а түш. жээктери – кокту-колот, өрөөндүү. Кли­маты муссондук. Январдын орт. темп-расы түн­дүгүндө – 21°Сден, түштүгүндө 4°Сге чейин, июл­дуку 22–26°С. Жылдык жаан-чачыны 900– 1500 мм. Дарыялардын суусу мол; ирилери: Ам­ноккан (Ялуцзян), Тумантан (Тумыньцзян), Тэ­донган, Кымган ж. б. Жазы жалбырактуу, түш­түгүнө дайыма жашыл субтропик токойлору мүнөздүү. Улуттук парктары: Хангё, Чирисан, Сараксан ж. б. (Корей Респ-нда); резерваттары: Хвангпо, Янгам ж. б. (КЭДРде). Түздүктөрүндө шалы, буурчак, гозо (пахта) өстүрүлөт. Вольф­рам, гранит, магнезит кендери бар.