КОРЕЙ ЖАЗУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРЕЙ ЖАЗУУСУ – корейлер колдонгон тамга-муун жазуусу. 1444-ж. ойлонуп табылган. К. ж. жогортон төмөн же оңдон солго карай

жазылат. Кийинчерээк горизонталь багытта солдон оңго карай жазуу ыгы көп колдонула баштаган. 1949-жылдан КЭДРде К. ж. гана, Түш. Кореяда корей-кытай жазуусу колдонулат. Азыркы корей алфавитинде 40 графема бар. Орфографиясы негизинен морфол. принципте түзүлгөн.