КОРДОО ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРДОО ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыгармачылыкта­гы каада-салт ырларынын түрү. Кордоо ырлары кыргыз элинин патриархалдык-феодалдык, уруучулук турмушуна байланыштуу жаралган чыгармалар­да көп кездешет. Жанрдын бул түрү бир уруу менен же бир манап менен экинчи манаптын кол ырчыларынын айтышында кеңири колдонулган. Кордоо ырларын акындардын бардыгы эле бирдей дара­жада ырдай албайт, ар бир акын эстетикалык багытына, табитине, дараметине, сөз тапкыч­тыгына жараша поэтикалык мүмкүнчүлүгүн ачып берет. Кыргыз акындарынан Калмырза кордоо ырларын жаратууга шыктуу болгондугу «Калмырза менен Найманбайдын айтышы», «Калмырза ме­нен Эшманбеттин айтышы», «Калмырза менен Барпынын беттешүүсү», «Калык менен Калмыр­занын ырдашканы» жана башка чыгармаларында даа­на байкалат.