КОРДОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РДОВА – Испаниядагы шаар. Кордова про­винциясынын адм. борбору. Сьерра-Морена тоо­сунун этегинде, Гвадалквивир д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 327,8 миң (2009). Шаар аркылуу жогорку ылдамдыктагы Мадрид – Кор­дова – Малага т. ж. магистралы өтөт. Аэропор­ту бар. Түстүү металлургия, машина куруу, та­мак-аш – татымал, текстиль ө. ж. ишканала-

Альминар коңгуроолуу мунарасы.

ры иштейт. Ун-т, музейлер бар. 756–929-ж. Кор­дова эмирлигинин, 929–1031-ж. Кордова хали­фатынын борбору болгон. Собор [13-к-га чейин мечит (785-ж. курула баштаган); дүйнөдөгү эң ири], роман стилиндеги Сан-Пабло (13-к.), Сан- Николас (13-к.) чиркөөлөрү, Кармен Кальсадо

чиркөө монастыры (16-к.) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Королдор ИА, ин-т, ун-т бар. Жыл сайын музыка фестивалы өткө­рүлүп турат. Ботан. бак уюштурулган.