КОРДИЕРИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРДИЕРИ́Т (француз геологу П. Кордьенин атынан), и о л и т, д и х р о и т – силикаттар тобуна кирүүчү минерал. Хим. формуласы (MgFe)2Al3[AlSi5O18]. Ромб системасында кристаллданат. Өңү бозомук көк, көгүш, кээде түссүз,

айнектей жалтырайт. Катуулугу Моостун шкаласы б-ча 7–7,5. С. салм. 2,53–2,78. Алюминий
м-н магнийге бай тоо тектердин контакттуу метаморфизм процессине дуушар болушунан келип чыгат. Мөлтүрөгөн түссүз тунук түрү асыл таш катары зергерчиликте колдонулат.