КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ , К ы з ы л - С а й ке­ни, Баткен облусунун Лейлек районунда. Сүлүктү шаарынан 5 км түштүк тарапта, Түркстан кырка тоо­сунун түндүк этегинде. 1965-жылы табылган. Кен ай­магын палеоген, неоген мезгилинде пайда бол­гон чөкмө тоо тектер түзөт; көп жерин антропо­ген чөгүндүлөрү жаап калган. Кен каралжын боз түстөгү чопонун линза сымал катмарынан ту­рат. Анын калыңдыгы 7–8 м, узундугу 1500 м. Запа­сы 4237 миң тонна. Чопо «100» маркасындагы кыш даярдоого жарамдуу. Кен Сүлүктү шаарындагы кыш заводунда пайдаланылат.