КОРГОНУУ ЗАРЫЛДЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРГОНУУ ЗАРЫЛДЫГЫ – кылмыштуулукту жокко чыгаруучу (актоочу) жагдайдын бири. К. з. чегинен ашпаса, анда мыйзам ченемдүү болуп эсептелинет. К. з-нын шарты б-ча: 1) коргонуу чегинен чыкпастан, кол салуучуга зыян келтирүү жолу м-н адам, коом ж-а мамлекеттин кызыкчылыгын кол салуудан коргоо керек; 2) кол салуу коомго коркунучтуу болууга тийиш. Кол салуу жүрүп жатканда же түздөн-түз, реалдуу коркунуч туулганда ж-а кол салуу анык болгондо гана К. з. келип чыгышы мүмкүн. Ал кол салуунун белгилери ж-а коркунучтун туулушуна карата аныкталып, ошого жараша жеңилдетүү же оордотуу жазалары каралат.
К. А. Бодобаев.