КОРАЛЛ ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРА́ЛЛ ДЕҢИЗИ (Coral Sea) – Тынч океанда­гы жартылай туюк деңиз. Австралиянын, Жаңы Гвинеянын, Жаңы Коледониянын жээк­терин чулгайт. Торрес кысыгы аркылуу Инди океаны м-н туташат. Аянты 4068 миң км2. Эң терең жери 9174 м. Коралл (Шуру) аралдары ж-а рифтери (а. и. Чоң Тоскоол рифи) көп. Суу­сунун темп-расы түштүктө 19°Сден (август) 24°Сге чейин (февраль), түндүгүндө 28°Сге чейин. Туз­дуулугу 35,5‰. Суткасына эки жолу ташкын­дайт (бийикт. 7,2 м чейин). Башкы порттору: Кэрнс (Австралия), Порт-Морсби (Жаңы Гвинея а.), Нумеа (Жаңы Коледония а.).