КОПЁН ЧААТАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОПЁН ЧААТАС – Енисей кыргыздарынын VII–VIII кылымдарга таандык көрүстөнү жана ошол кездеги мадания­тынын негизги эстелиги. Енисей дарыясынын сол жээ­гинде, Хакасиянын Копён кыштагынын жанында жайгашкан. 1939–1940-жылдары советтик археологдор Л. А. Евтюхова жана С. В. Киселёв изилдеген. Маркум­дар өрттөлүп, таш дөбөлөрдүн астына коюлган. Ал дөбөлөрдүн көбү илгери эле талоонго учура­ган, бирок кыргыз ак сөөктөрү коюлган чоң таш дөбөлөрдө (диаметри 20–30 м) эки жашыруун казанак бар экендиги аныкталган. Ал казанак­тардан алтындан жасалган чоң идиш, күмүш табакка салынган жана кооздолгон 4 алтын ку­мура, жаа менен айбандарга аңчылык кылып бараткан чабендестин коло сөлөкөтү табылган.

Кыргыз чеберлери жа­саган алтын кумура жана табак. VIII–IX кылымдар. Копён Чаатас . (Алтай).

Кумуралардын экөөнүн бетинде байыркы түрк жазуулары бар. Ал буюмдарды Иран, Орто Азия жана Кытайдын орто кылымдагы искусствосу менен таа­ныш жергиликтүү чеберлер жасаган деп болжолдонот. Копён Чаатастын тарых илиминде мааниси зор.