КООМДУК ФИЛОСОФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМДУК ФИЛОСО́ФИЯ , с о ц и а л д ы к ф и­л о с о ф и я – философиянын коом деген эмне, анда адамдын орду кандай деген суроого жооп берүүнү көздөгөн бир бөлүгү. Ушул маанисинде К. ф. теор. социологияга жакындап кетет, айыр­масы социология жашап жаткан коомду ана­лиздеп, анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн анык­тайт, ошол эле убакта К. ф. сындык функция­ны аткарат. Философиядагы социалдык проб­лематика антикалык мезгилде башталып, баа­рынан мурда Платондун («Мамлекет») ж-а Арис­тотелдин («Саясат») эмгектеринде кездешет. Коомдун өтө таасирдүү филос. ж-а соц. концеп­цияларына марксизм (К. Маркс, Ф. Энгельс), неомарксизм (Д. Лукач), либералдык теория (Л. фон Мизес, Ф. Хайек), «массалык коом» тео­риясы (Х. Ортега-и-Гасет), тоталитардык коом теориясы (Юнгер, Арендт, Мангейм), өнүккөн индустриялык коом теориясы (Франкфурт мек­тебинин өкүлдөрү: М. Хоркхаймер ж-а Г. Адор­но, Г. Маркузе), постиндустриялык коом ж-а маалымат коом теориясы (Д. Белл, О. Тоффлер), «соңку модерн» коом теориясы (Гидденс) ж-а империялык глобализм теориясы (Хардт и Нег­ри) кирет. К. ф. дүйнөгө көз караш, методол. ж-а гуманитардык функцияларды аткарат. Ал бардык гуманитардык илимдер, а. и. психоло­гия, лингвистика м-н тыгыз байланышта болот.