КОНЬЯ СУЛТАНДЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́НЬЯ СУЛТАНДЫГЫ (И к о н и й, Р у м же С е л ж у к с у л т а н д ы г ы) – 11–14-к-да Кичи Азиядагы феод. мамлекет. Султандыктын алгачкы борбору Никея, кийин Конья (Иконий) болгон. К. с. Византиянын Кичи Азиядагы жерл ер и н с ел ьжу к тар дын бас ып ал ышы м-н түзүлгөн. Ал Ала-ад-дин Кей-Кубад султан башкарган мезгилде (1219–36) өзгөчө гүлдөп, Конья, Кайсери, Сивас ж. б. шаарлары кол өнөрчүлүктүн борбору болгон. 1243-жылдан К. с. Ирандагы моңгол илхандарынын вассалына айланган. 1307-ж. майда княздыктарга бөлүнүп, а. и. Осмон бийлиги (округ) 14-к-дын башында түзүлгөн Осмон мамлекетинин негизи болгон.